Атамбаев акталды. Сот Октябрь окуясы боюнча өкүм чыгарды

Бүгүн, 28-июнь күнү Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду актады. Чечимге ылайык, Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов, Темирлан Султанбеков жана Канат Сагымбаев да акталды. Судья жогоруда аталган фигуранттардын баарынын ишинде кылмыштын курамы жок деген бүтүмгө келди.

Буга чейин соттук отурумга алып келинген мурдагы өлкө башчысы «мен циркке катышпайм» деп сот залынан чыгып кеткен болчу.