Биринчи Май райондук соту Райым Матримовго чечим чыгарды. Аталган райондук соттон билдиришкендей, тергөө учурунда айыпталуучу күнөөнү моюнга алган.
Жергиликтүү ЖМКлар жазгандай, ага 100 миң сом айып пул салынды. «Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесине ылайык, адам күнөөсүн мойнуна алуу жана келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө келишим түзгөндө, сот тарабынан жазанын эң аз өлчөмүндө эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза белгиленет», — деп айтылат соттун маалыматында.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар төлөп, анан чыкты» деген эле.