Сот тарабынан коё берилген Түркиянын жараны Интерпол тарабынан Сербияда кармалды

Сот тарабынан коё берилген Түркиянын жараны Интерпол тарабынан Сербияда кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Интерполдун жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1-июнда Белград (Сербия) шаарынын аэропортунан Түркиянын 1988-жылы туулган жараны кармалган. Ал Интерпол линиясы аркылуу 2011-жылдан бери жашы жете элекке сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана Түркиянын аймагында адам уурдоого шектелип издөөгө алынган. Тактоо иретинде айта кетсек, 2020-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан Түркиянын жараны кармалган.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кармалган жаранды Түркия тарапка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. 2020-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясынын токтому менен Түркияга аны өткөрүп берүүнү токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган. Анткени бул чечимге кармалган жаран Миграциялык кызматка качкын статусун алуу жөнүндө кайрылганы себеп болгон. Түркиянын жараны бошотулган соң кайда жүргөндүгү белгисиз болгон. Азыркы учурда Түркиянын кармалган жаранын Түркияга экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.