Соттолгон жарандардан акча талап кылып жүргөн делип Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 8-февралда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде пара алып жаткан жеринен Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны кармалды. Ал кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен 47-түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан соттолгон жарандан акча талап кылганы аныкталган. Ошондой эле шектүү соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.