Спирт ичимдиктерин сатуу жана сактоо. Ишкерлерге 1,3 миллион сом айып пул салынган

Жыл башынан бери Кыргызстанда 262 миң 327 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Cалык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алынган спирт ичимдиктеринин жалпы суммасы 51 миллион 111 миң сомду түзгөн. Ошондой эле, мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 10 миллион 500 миң сомго акциздик маркасы жок 148 миң 692 таңгак тамеки алынган. Спирт ичимдиктерди өндүрүүчү, сактоочу жана сатуучу ишкердик субъектилерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 182 салык мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталып, 1 миллион 356 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.