Сулайман-Тоодон таш кулап, үйдүн чатырын талкалады. «Дагы жакшы үйдө эч ким жок болчу» дейт ээси

Туруксуз аба ырайынын жана жаан-чачындын кесепетинен Сулайман-Тоодон таш кулап, Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалын талкалаган.

Кайрылуунун негизинде, жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты куткаруучу шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришкен. «Окуя февраль айында болду. Таш кулап үйдү тешип кетти. Дагы жакшы үйдө эч ким жок болчу. Бул жерде жашаганыма 10 жыл болду. Кооптуу жер экен. Кызыл китебим бар. Таш 10 тоннадай экен», — деди үйдүн ээси.