Бул видеодогу окуя боюнча мурда эч ким арыз менен милицияга кайрылган эмес. Бирок жарыяланган видео боюнча «үй-бүлөлүк зомбулук» катары катталып, тергөө иштерин Ош ШИИБнын жетекчилиги көзөмөлгө алды. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында бул окуяга тиешеси бар адамдар аныкталды. Бүгүн саат 16:00 чамасында ыкчам кызматкерлер тарабынан аялга карата зомбулук көрсөтүп жаткан 2001-жылы туулган эркек кармалды. Тергөөгө камсыз болду. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда жаңжал кызганычтан чыккан.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында катуу бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. "Жол...