SuperTV телеканалынын кабарчысын ур-токмокко алууга шектүүлөр кармалганы маалым болду

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу журналист өзү билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип, 2 жаран кармалган. «Бирөөсү 17-ноябрда кармалган. Ал эми экинчи шектүү качып кеткен жеринен кечээ алып келинет дешкен. Милициянын маалыматына караганда, ур-токмокко алгандар эки киши болгон», — деди ал. Азырынча милиция маалымат бере элек.

26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалган. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. 27-октябрда ал Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Милиция шектүүлөрдү издеп баштаган. Ал ошол эле күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. 9-ноябрда ооруканадан чыккан.