SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

27-октябрда журналист белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен физикалык күч колдонуп, ачык түрдө 10 миң сомдук “Самсунг галакси J2” уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, 206-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

24-ноябрда кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Андан соң камакка алынды. Соттун чечими менен Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Ал эми экинчи шектүү да 2000-жылы туулган жаран экени аныкталды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту менен 18-декабарга чейин камакка алынды. Тергөө уланууда.

26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалган. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. Ал ошол эле күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. 9-ноябрда ооруканадан чыккан.