SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы ооруканадан чыкты. Шектүүлөр кармала элек

SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы Бактурсун Жоробеков Бишкектеги №4 ооруканадан чыкты. Ал дагы 5 күн амбулатордук дарыланууда болот.

Редакция кылмыш иш боюнча билүү үчүн Ленин РИИБге кайрылганыбызда, экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин, шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Буга чейин SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалганын, кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. Ал милицияга арыз жазгандан бери эки апта өттү.