SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы ооруканага жаткырылды

SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы Бактурсун Жоробеков Бишкектеги №4 ооруканага жаткырылды.

«№4 Бишкек шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө жатам. Дарыгерлер баш мээмдин чайкалганын билдиришти. Алар көзүмдө да жаракат бар экенин, азырынча беттеги шишиктерди таратуу керектигин айтышты»,- деди ал.

Буга чейин SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалганын, кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, шектүүлөр изделип жатат.