«Суу түтүккө деп тургундардан 3500 сомдон чогулткан». Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милицияга Чүй облусунун Достук айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутатынын аракети боюнча арызын кароо өтүнүчү менен кайрылышкан. Маалым болгондой, айылдык кеңештин депутаты суу өткөрөбүз деп тургундардан 3500 сомдон акча чогултуп алган. Бирок тургундар аткарылган иштерге нааразы болгон — түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калган.

Маалыматтарга караганда, демөөрчү катары бир фонд аркылуу ишти жеке фирма жүргүзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Аламүдүн районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты тергөө кызматына жеткирилип, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул жаран буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын үстүнө учурда башка кылмыш иши боюнча айыпталууда. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.

Келтирилген чыгым такталууда. Аталган маселе боюнча жарандарда суроолор же арыздар боло турган болсо, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0312 36-35-23, 36-35-27.