Сууга чөгүп, көз жумган 3-класстын окуучусу. Аквапарктагы куткаруучу кармалды

«Ала-Тоо» аквапаркындагы окуучунун өлүмү боюнча аквапарктын куткаруучусу кармалды. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камоллидинов билдирди.

Ал кечээ, 11-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү) жана 297-берене (керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Көзөмөл органы учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын, анын жүрүшүндө юридикалык баа берилерин белгиледи. Иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экени айтылды.