Бишкекте Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 59 жаштагы жаран бүгүн, 5-июлда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан табылып, сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Таң эрте издөө ишин жүргүзүү максатында, жерине 22 куткаруучу тартылган.
29-июнь күнү борбор калаанын Свердлов районунда 1963-жылы туулган жаран Чоң Чүй каналына түшүп жатып, сууга агып кеткен.