SerepTV Logo

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы киши табылбай жатат

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы киши табылбай жатат
Кечээ, 29-июнь күнү Орозбеков көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 1963-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, саат 21:10до издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө бүгүн, 30-июнь күнү улантылат.