Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып, кайтып барган эмес. Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган. Бүгүн, 26-августта издөө иштерин улантууга 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылган. Бул күнү да керектүү шаймандар менен барган суучул-куткаруучулар тарабынан Ала-Арча суусунун агымы азайтылып, суу сактагычтын башынан Ак-Жол бекетине чейинки аралык изделет.