Кечээ, 23-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында жол кырсыгы катталып, 9 адам көз жумган. Анда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы жол кырсыкта каза болгондор тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, каза болгон 6 жаран Өзгөрүш айылынын тургундары. Ал эми 56 жаштагы аял киши Үч-Терек айылынын математика мугалими болсо, 18 жаштагы кыз Чаткал районунун тургуну.
Каза болгондор:
- 38 жаштагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өзгөрүш айылынын тургуну;
- 56 жаштагы аял киши Үч-Терек айылынын тургуну;
- 53 жаштагы аял киши Өзгөрүш айылынын тургуну;
- 65 жаштагы аял киши Өзгөрүш айылынын тургуну;
- 43 жаштагы аял киши Өзгөрүш айылынын тургуну;
- 18 жаштагы кыз Терек-Сай айылынын тургуну;
- 1 жашар кыз Өзгөрүш айылынын тургунунун кызы;
- 70 жаштагы аял киши Өзгөрүш айылынын тургуну;
- Учурда каза болгон эркек кишинин өздүгү такталып жатат.
Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыкка айдоочунун уктап кеткени себеп болушу мүмкүн делүүдө.