Кечээ, 23-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында жол кырсыгы катталып, 9 адам көз жумган. Анда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшүп, жеңил унаадагы жүргүнчүлөрдүн бардыгы көз жумган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлбайра Сманова каза болгон жарандар тууралуу айтып берди.
Маалыматка караганда, 38 жаштагы айдоочунун артында 4 баласы калды. Алардын экөө мектеп курагындагы балдар болсо, экөө али мектепке барыша элек. Ал көптөн бери такси айдачу.
Ал эми унаанын 53 жаштагы жүргүнчүсү 1 жашар небереси менен көз жумду. 1 жашар кыздын ата-энеси Орусияга иштеп кеткендиктен чоң эне небересин карачу.
Ошол эле унаада небересин турмушка узатып, тойдон кетип бара жаткан 65 жаштагы апа да көз жумган. Мындан тышкары, каза болгондордун арасында 18 жаштагы кыз да бар болчу. Ал Токтогулга волейбол ойноо үчүн бара жаткан.
Жол кырсыкта Өзгөрүш айылынын 43 жаштагы тургуну да көз жумду. Ал жергиликтүү ооруканада лаборант болуп эмгектенчү. Ал эми ошол эле унаада көз жумган 56 жаштагы аял киши Нургазиев атындагы мектепте мугалим болуп эмгектенип келген. Ал окуучуларга математика сабагынан берчү. «70 жаштагы апа да биздин айылдан эле»,— деди ал.
Ал эми Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кеткенин айтып, жол кырсыкка айдоочунун уктап кеткени себеп болгон делүүдө.