Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында чыккан өрт көмүрканадан башталган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Сузак айылында айыл өкмөттүн көмүр сактоочу жеринде 20 тонна көмүр күйүп жанаша жайгашкан айыл өкмөттүн имаратына өтүп кеткен.

Ал жерге жалпы 3 бөлүм тартылган. Райондук ички иштер бөлүмүнөн 15 кызматкер, РЭС 2 кызматкер, Тез жардам кызматынан 2 кызматкер, “Worlk” кирпич заводунан 10 тонна суу ташуучу авто унаа, Бабур атындагы авто мектептен Газ-53 үлгүсүндөгү 4 тонналуу суу ташуучу авто унаа жана жеке менчик Газ-53 үлгүсүндөгү 4 тонналуу суу ташуучу авто унаа тартылды. Айыл өкмөттүн көмүр сактоочу кампасы менен имаратынан чыккан өрт курчоого саат 09:03тө алынды.