Милиция Сузак районунун аймагынан асыл тукум кочкорлорду уурдагандарды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 7 жаран арыз менен кайрылган. Алар 2023-жылдын 20-сентябрынан 18-октябрга чейинки аралыгында үйлөрүнүн короосунан 15 баш кой уурдалганын билдиришкен. Алардын арасында базар баасы 100 миң жана 200 миң сом болгон асыл тукум кочкорлор да болгон. Натыйжада жабырлануучулар 650 миӊ сомго жакын чыгымга учурушкан.
Бул фактылар Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 2003, 2004, 2005-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Уурдалган койлордун ичинен асыл тукум кочкорлор менен кошо бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилди.