Сузакта 2 унаа сүзүшүп, 3 адам каза болгон. Шектүү камакка алынды

Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

28-апрель күнү саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында Деу-Нексия жана Мерседес-Бенц унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Деу-Нексия унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан 3 жаран каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.