Сузакта 35 метр бийиктиктеги электр линиясы өтүүчү мамычада асынып алган жигит өлүм алдында кат таштап кеткен

Сузакта 35 метр бийиктиктеги электр линиясы өтүүчү мамычада асынып алган 24 жаштагы жигит кат таштап кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, катка жигит карыздары тууралуу жазган. «Катта негизинен маркум өзүнүн карыздары жөнүндө жазган. Өлүмүнө кимдир бирөөнү күнөөлөгөн эмес. Учурда кат боюнча тергөөнүн алкагында тиешелүү изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат»,— дешти милициядан.

24-май күнү Сузакта 24 жаштагы жигит электр линиясы өтүүчү темир мамычада асылган абалда табылган. Текшерүүдө каза болгон жаран Базар-Коргон районунун 1998-жылы туулган тургуну экендиги такталган жана анын жансыз денесине карата каза болуу себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.