Сузактын тургуну 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга сатып жиберүүгө шектелип кармалды

Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Багыш айыл аймагынын тургуну Сузак РИИБге арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 19-июнь күнү баласы 26 баш кой жана 25 баш козусун (жалпы 51) талаага жайганы чыгып, үйүнө келген учурда койлору талаадан жоголгондугун, ири өлчөмдө зыян тарткандыгын билдирген. Дагы бир Сузак районунун тургуну РИИБге арыз менен кайрылып, 24-сентябрь күнү Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш коюн белгисиз жаран уурдап кеткендигин, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Натыйжада жалпы эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашкандыгын, койлордун баары “Гиссар” породасында экендигин билдиришкен. Аталган фактылар Сузак РИИБге катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектелип, Сузак районунун тургуну 1977-жылы туулган жаран кармалып, милицияга жеткирилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 28 баш кой ээлерине кайтарылды.