Сузакта адамды тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
16-август күнү Алай районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 8-августка караган түнү Сузак районунун Атабеков айыл аймагында аны Өткүр, Алмаз, Байэл, Арзыбек аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп унаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң, 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Атабеков айыл аймагындагы үйгө алып барып, 5 күн кармашкан. Аталган маалымат катталып, 17-август күнү Кылмыш-Жаза кодексинин 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-берененин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү жарандар кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А. кармалган.