Сузакта ага-ининин балдарын ат басып калды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 5-ноябрда саат 16:00 чамасында Сузак районунун Барпы айыл аймагында 2010 жана 2014-жылы туулган балдар ат минип баратып, аты тайып жыгылып, балдарды басып калган. «Экөө тең алган жаракатынан каза болгон. Бирөөсү 2-класс, экинчиси 6-класстын окуучулары болгон. Балдардын аталары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Аталары бир тууган болгон», — дешти облустук милициядан.
Ал арада социалдык тармакта үрөй учурган окуянын видеосу тарады.