Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
11-январда саат 21:10 чамасында Сузак районунда 1970-жылы туулган жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган. Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын 2004-жылы туулган айдоочусу кармалды.