Сузакта дайынсыз болуп жаткан өспүрүм баланы издөө улантылууда

Сузакта дайынсыз болуп жаткан өспүрүм баланы издөө улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 1-май күнү Барпы айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну 14 жашар бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, баланын кол телефону Төбөй айылын аралап өткөн каналдын жээгинен табылган. Каналга түшүп кетти деген божомол менен туугандары жардам сурап кайрылышкан. Куткаруучулар жана суучулдар тартылган.  Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтолулуп, бүгүн 2-май күнү издөө улантылып жатат. Биринчи куткаруучу топто 11 куткаруучу, 2-куткаруучу топто 10 куткаруучу, 3-куткаруучу топто 11 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшүүдө.