Кечээ, 7-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы Сузак районунун Мундуз айылында өз жанын кыюуга аракет кылган 36 жаштагы аял куткарылганын маалымдаган. Окуянын чоо-жайын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук «101» өрткө каршы кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 6-июнь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну 1986-жылы туулган аял Көк-Арт дарыясындагы көпүрөдөн мас абалда сууга өзүнүн боюн таштап жиберип, аны күйөөсү суудан чыгарып куткарып калгандыгы билдирилген.
Окуя боюнча сууга секирген аял эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Бул окуя боюнча Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.






