Сузакта имам милиция кызматкери менен 16 жаштагы кызга нике кыйган

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Сузак районунун тургуну, 1994-жылы төрөлгөн жаран Сузак РИИБдин кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун 2005-жылы туулган тургуну менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы кыйган.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы, жолдошу жана нике окуган дин кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду. Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.