«Балдарынын өлүмүн апасы уга элек». Сузакта иске ууланып көз жумган үч бала жерге берилди

Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында иске ууланып, көз жумган 6 жаштагы кыз жана 4 жаштагы эгиз балдар жерге берилди. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, балдардын атасы Орусияда эмгектенип жүргөндүктөн тажия түштөн кийинкиге коюлган. Кызыл-Сеңир айылынын башчысы Максат Зулпукаровдун айтымында, бир үйдө балдардын чоң энеси жана чоң атасы жашачу. Ал эми ошол короонун ичиндеги башка үйдө келин 3 баласы менен жашачу. Аба ырайы суук болуп кеткендиктен, мешке от жагып жатышкан. Эртең менен келиндин абысыны алар жаткан бөлмөгө кирсе, келин балдарын кучактаган абалда табылыптыр. Ооруканага жеткирип барган менен тилекке каршы балдар чарчап калган.

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратов ушул тапта 23 жаштагы келин жандандыруу бөлүмүндө экенин, анын абалы турукташып бара жатканын айтат. «Келиндин абалы бүгүн жакшырып, дарыгерлер берген суроолорго жооп берип жатат. Бирок дарыгерлер балдар тууралуу эч нерсе айтпай, ден соолугун карап жатышат», — деди ал.