Жалал-Абад облусунун Барпы айыл аймагындагы Таштак айылынын тургуну 2007-жылы туулган эркек бала үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн саат 16:40 чамасында туугандары тарабынан аман-эсен табылды. Баланын туугандары ӨКМ кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Издөө иштерине Жалала-Абад шаардык жана Сузак райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери чыгышкан эле. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...






