Сузакта жоолугуна муунтулуп, өлтүрүлгөн келиндин артында 2 уулу калды

Бүгүн, 27-декабрда милиция маалымат таратып, Сузакта 30 жаштагы келиндин жоолугуна муунтулуп, өлтүрүлгөн жансыз денеси камыштын арасынан табылганын билдиришти. Кылмышка шектелип, 23 жаштагы жигит кармалды.

Маалыматка караганда, келин «төркүнүмө кеттим» деп үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан. Атасы журналисттерге билдиргендей, кызы эртең менен саат 9да чыккан. Ошол бойдон үйүнө барган эмес. Атасынын айтымында, кызы төркүнүнө келип, жардам берип турчу. Ал эми жолдошу ошол күнү устачылык менен иштеп жүргөн. «Эмнеге мындай болду билбейм, биз ынтымактуу үй-бүлө болчубуз» деген жолдошу кылмышкердин өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылды.

Келин 6 бир туугандын эң кенжеси болгон. Түгөйлөрдүн 10 жана 7 жаштагы уулдары бар.