Кечээ, 2-ноябрда ӨКМден маалымат таратышып, Сузактын Кара-Чолок айылында Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзгөнүн, кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы 4 жигит жабыркаганын айтышкан эле.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан ооруканага жеткирилген 4 жигиттин бирөөсү көз жумганын билдиришти. «Унаанын ичиндеги бир жүргүнчү жигит көз жумду. Ал болжолдуу унаанын алдынкы отургучунда отурган. Ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Кечээ кечинде көз жумду», — дешти алар.