«Сузакта мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө айыпталган». Издөөдө жүргөн жаран 11 жылдан кийин Польшадан Кыргызстанга алып келинди

Польшанын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ал 2011-жылы Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда. Белгилеп кетчү жагдай, эл аралык издөөнүн фигуранты 11 жылдан ашуун изин жашырып, жасалма паспортту колдонуп Украинанын жана Түркиянын аймагында качып жүргөн.

10-сентябрда Башкы прокуратуранын тапшырмасынын негизинде айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алып келинген. Издөөдө жүргөн адамды экстрадициялоо иш-чарасы 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылган.