Сузакта сабалып, көз жумган окуучунун иши боюнча 4 шектүү камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, төртөө тең 1 айга камакта калтырылган.
- Милицияга Сузак районунун тургуну чалып, 1-март күнү саат 16:30 чамасында 2008-жылы туулган иниси болгон Сафаровка айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу өзү окуган мектептин аймагында тааныш болгон балдар уруп денесине залал келтиришип, окуя болгон жерден качып кетишкендигин, ал эми окуучу Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде эсине келбей каза болгондугун билдирген.
- Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
- Тергөөнүн жүрүшүндө, 1-март күнү саат 14:00 чамасында Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде 10-класстын 4 окуучусу ошол эле мектептин 9-классынын 5 окуучусун бир катарга тизип алып “эмнеге түндө көчөгө чыкпай жатасыңар” деп колдору менен уруп жатышкан учурда, 2008-жылы туулган окуучу денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.
- Кылмыш иши боюнча Сузак районунун тургундары 2006-жылы туулган Д.М., 2006-жылы туулган Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А. жана 2007-жылы туулган А.Ө. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.