Сузакта сарайдан өрт чыгып, мал-жандыктар күйүп кетти

Кечээ, 1-декабрь күнү саат 23:50дө ӨКМге Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан мал сарайдын чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, аталган жай саат 01:19да курчоого алынып, бүгүн, 2-декабрда саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан сарайдын 192 чарчы метр аянты күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 12 баш кой, 1 баш торпок, 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн чыгуу себептери учурда такталып жатат.