Сузакта үч баланын жансыз денеси табылды. Алардын апасы оор абалда

Бүгүн, 14-ноябрда таңкы убакытта Сузак районундагы үйлөрдүн биринде үч баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Кактус» басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Чарчап калган балдардын ичинен экөө эгиздер, алар  2017-жылы туулган. Дагы бир бала быйыл 2 жашка чыккан. Балдардын апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар мештен чыккан иске ууланышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эки күн мурда эле ушул эле райондо эки бир туугандын жансыз денеси жайлоодогу чатырдан табылып, экөөнүн иске ууланганы маалымдалган болчу.