Сузак районундагы Димитровка айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпы аянты 168 чарчы метр болгон жыгач устундуу үйдүн чатыры толугу менен күйгөн.
1982-жылы туулган үй ээси өз алдынча өрттү өчүрөм деп үйдүн чатырынан кулап түшүп, Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен сол буту кокустанган, абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.