2-декабрда социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьский айылынын Кенжетай балдар бакчасында тартылган видео тарап, чуу жараткан. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн билдирген. Ал эми Жалал-Абад облустук милиция иш прокуратурага өткөнүн билдиришкен.
Башкы прокуратура маалымат таратып, бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. «Сузак районунун Багыш айыл аймагынын №1 Кенжетай балдар бакчасынын кызматкерлери тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбай, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасашып, ата-энелердин балдарына карата зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча балдар бакчасынын жетекчисине бир нече кайрылгандыгына карабастан көңүл сыртында калтырылып, эч кандай тиешелүү чаралар көрүлбөй келген.
Мындан сырткары, текшерүүдө “Кенжетай” балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлери президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 жарлыгында көрсөтүлгөн талаптарды одоно түрдө бузуп, ата-энелерден, балдар бакчанын кызматкерлеринен акча каражаттарын системдүү түрдө чогулткандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (Шалаакылык) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад ОИИБге жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.