Кечээ, 3-май күнү Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн Жалал-Абад облусуна барды.
Министрдин орун басары окуяны иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссияны жетектеп, өз ишин ооруканада жаткан жабырлануучулардан кабар алуу менен баштады. Андан соӊ окуя болгон жерге барып, жеринен көрүп, жаралган жагдайлар менен таанышып чыкты. Ошону менен катар, Жалал-Абад ОИИБдин жыйындар залында «коопсуздук маселеси» боюнча жыйын өткөрүп, кетирилген кемчиликтер жана алдын алуу иштери өз деӊгээлинде жүргүзүлбөгөндүгү үчүн бир катар жетекчилерге сын-пикир айтылды. Ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия тобу өз ишин жеринде улантууда.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө...
7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган А.З. аттуу жаран өзүнүн жолдошуна карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган....
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Совет айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-январга караган түнү белгисиз...