Сузактагы окуя боюнча 12 милиция кызматкери жазаланды. Тизме

УКМК бүгүн, 27-декабрда маалымат таратып, каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле кылмышты жашырган Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалганын билдиришкен.

ИИМ маалымат таратып, Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлерине тартиптик жаза берилгенин билдиришти.

Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырган Сузак райондук милициясынын кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазаларын алышты:

Жыйынтыктап айтканда, жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды, ээлеген кызмат ордунан 4 кызматкер бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми ден-соолугуна сакайгандан кийин калган 3 кызматкерге да кызматтык жоопкерчилиги каралат.