Бүгүн, 30-апрелде Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагындагы эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, кырсыктан 4 адам каза болугону кабарланган. Тилсиз жоо эртең мененки саат 08:30 чамасында катталган.
Каза болгондор 27 жаштагы келин жана анын 3 баласы экени аныкталды. Балдардын улуусу 5 жашта, ортоңкусу 3, кичүү кызы 1 жашта болгон.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча эртең менен келиндин күйөөсү жана кайненеси конокко кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.