Сүлүктү шаарында 14 жашар кыз зордукталып, ага шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.
14-январь күнү Сүлүктү шаарынын 41 жаштагы тургуну анын 14 жаштагы кызын Сүлүктү шаарынын тургуну 14-январга караган түнү зордуктаганын билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты Сүлүктү ШИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү катары Сүлүктү шаарынын 31 жаштагы жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.