Кечээ, 17-декабрь күнү саат 14:38 чамасында Сүлүктү шаарындагы “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Аталган дарекке мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамынан 7 куткаруучу чыгып, саат 15:11де аталган взводдон кошумча дагы 11 куткаруучу барган. Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнын башчысы баштаган ыкчам топ да жеринде болуп, взвод куткаруучулары тарабынан 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды. Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.