Сүлүктүдө жарандын үйүнөн кургатылган марихуана табылды

Сүлүктү шаарынын жашоочусу өзүнүн үйүндө баңгизат өстүрүп, сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Жаран тууралуу маалымат милицияга түшүп, 23-январь күнү Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө амалдары башталып, караштуулугу боюнча Сүлүктү ШИИБге жөнөтүлгөн. Шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 1970-жылы туулган Сүлүктү шаарынын жашоочусу болуп чыккан. Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында мончосунун жанында жайгашкан турак-жайга керектелүүчү жайынын полкаларынын алдынан үч желим идиште жана ак целлофан баштыкта, чачылган отундар арасынан 1 желим идиште, үйүнүн бөлмөсүнөн 1 литрлик, 3 литрлик банкаларда салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү кургатылган зат далил катары табылган.

24-январдагы соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн заттын таза салмагы 216,85 грамм болгон “кургатылган марихуана” баңги заты экендиги аныкталган.