Кечээ, 16-январь күнү Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу урандылардын астында калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 18:58де ӨКМдин шаардагы 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу чыгышкан. Кошумча күч катары саат 19:25те 6, жалпы 13 куткаруучу тартылган.