Жол тескөөчүлөрү тарабынан мас абалында унаа башкарган мектеп бүтүрүүчүсү кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган рейд учурунда Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан Toyota Vitz үлгүсүндөгү унаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтотулган.
Текшерүү учурунда айдоочу айдоого укугу жок, айдоочулук күбөлүк албай туруп, ата-энесинин уруксаты жок, мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча унаасы айып короо жайына токтотулуп, ата-энеси жана мектептин тарбия завучу чакыртылып, өткөрүлүп берилген.