Бишкектин тургуну СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылды. Анын айтымында, ушул жылдын 20-январь күнү шаардагы кафелердин биринде кесиптеш кыздары менен отурган кезде жанаша столдо отурган мас абалындагы жигиттер тийишип, телефон номерлерин сурап, кыздар баш тарткан учурда жигиттер сөгүнүп, орой мамиле жасап, алардын бири кыздын башына сыра куюлган кружка менен уруп жиберген. Муну менен эле токтоп калбай, кызды чачынан кармап алып, жаткызып да башына урган. Ур-токмокко алган адам качып кеткен.
«Мен ошол эле күнү милицияга арыз жазгам. Мени урган адамды таппай жатабыз дей беришкени үчүн УКМКга да арыз жаздым. Алар кийин ишти прокуратурага өткөрүп беришкенин айтышты. Прокуратурадан ишти жаңыладык деп жооп беришти. Мен кайра биринчи арыз жазылган Биринчи Май РИИБге бардым. Бир жарым айдан кийин гана мага кол көтөргөн адам окуя болгон күндүн эртеси эле, 21-январда табылганын билдим. Ошол күндөн бери 3 ай өттү, бирок мени урган адам жоопкерчиликке тартыла элек, боштондукта жүрөт. Бул аралыкта, тагыраагы 14-мартта менин үстүмдөн да арыз жазылганын билдим. Ал мени урду деп арыз жазсам, кийин барып, мага кол көтөргөн адам мени тытмалады деп арыз жазыптыр. 11-апрелде биринчи соттук отурум өтүп, кийинки процесс 26-апрелге белгиленди. Укук коргоо органдарынан, бийлик өкүлдөрүнөн жогорудагы башымдан өткөн окуя боюнча адилеттикти күтөм», — дейт ал.