«Таатан» соода борборунан чыккан өрттөн жабыркагандар жок

«Таатан» соода борборунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан «Таатан» соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлгөн.

«Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тарабынан жеринде иш аткарылган«,- деп айтылат маалыматта.