Төрөбай Зулпукаров менен Тайырбек Сарпашев 30-январга чейин камакта калтырылды

Мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Ушундай эле чечим Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго карата да кабыл алынды. Иш боюнча эки айыпталуучу тең 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда болушат.

Сарпашев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган болчу. Кийинчерээк анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнү, тил кат менен бошотулганы маалым болгон. 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-вице-премьердин УКМК менен кызматташууга барганын айткан. Бирок ал 15-октябрда кайра камакка алынган. Анын кайра камакка алынышына тергөө менен түзүлгөн келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Ал эми Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алган. 27-июлда анын бөгөт чарасы узартылып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган. 24-июлда баш коргоо чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакта калтырылган.